Нарын. Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ Нарын шаарына келди

Бүгүн 20-июнда саат 17:00дө Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ Нарын жергесине келип, өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков менен жолугушту. Жолугушууда Япониянын Нарын облусу менен болгон келечектеги бир катар пландары тууралуу айтылып, элчи облус менен кененирээк таанышуу үчүн келгендигин кабарлады. "Мен Нарынга келе жатканда жолдо катар өлкөнүн кооздугун көрүп, бир нече шериктешүүдө алып барыла турган иштерди пландап келдим. Мага абдан жакты. Биз Нарын жергесине абдан кызыкдар экенибизди билдиребиз. Жана туристтик, экономикалык көптөгөн кызматташууларды жүргүзөбүз деген ишеничтемин. Бишкекке барганда Кыргызстандагы Нарын облусу тууралуу маалыматтарды даярдап Япониядагы туристтик мекемелерге жөнөтөм",- деген оюн айтты. Ошондой эле элчи эртең, 21-июнда Нарын облусунда боло турган республикалык Инвест Форумга катышууну жана эл аралык "Шырдак" фестивалына да кайрылууну көздөп жатканын билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан