Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны бир жылда 7,5 пайызга өстү
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын
саны бир жылда 7,5 пайызга өстү. Бул тууралуу 21-июнда Социалдык өнүктүрүү министрлиги
билдирди. Азыркы күндө жумуш күчүнө тартылган жана зордук-зомбулукка
кабылган балдардын саны да өсүүдө. Учурда республика боюнча 385 235 бала оор
жашоодо күн кечиришет. Булардын 90 пайызы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.