Ысык-Көлдө суукта өлгөн мал ээлери менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, айыл чарба министринин орун басары Дыйканбай Кененбаев, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова баштаган жетекчилер Тоң жана Ысык-Көл райондорунда болушту. Алар элдин суроо-талаптарын угуу менен биргеликте сууктан аман калган малдын көбү ооруп жаткандыктан, аларга дары-дармек жагынан жардам берүү маселелерин козгошту. Эскерте кетсек, Тоң, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда 17-18-июнда жааган кардын кесепетинен 300гө жакын майда жандык, 21 ири мүйүздүү мал жана 10 жылкы кырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан