Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык мэриясынын Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунун базасындагы жетим балдар үчүн курулуучу социалдык мейманкананын пайдубалына капсула салуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, татаал жашоого кабылгандар үчүн атайын курулуп жаткан мындай мейманкана Кыргызстанда алгачкы ирет түптөлүүдө. Аталган иш-чарага мэр Иса Өмүркулов, Италиянын ардактуу консулу Жорджио Фиаккони, “Ротари клуб” колдоо бирикмесинин президенти Назира Бейшеналиева жана башкалар катышты. Өз сөзүндө шаар бышчы келекчекте курулуп жаткан социалдык үй кароосуз калган жаш улан-кыздарга убактылуу болсо да жардам берерин айтты. Ошондой эле ал аталган ишке каржылык колдоо көрсөткөн Норвегия өкмөтүнө жана “Ротари клуб” бирикмесине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Жорджио Фиаккони аталган долбоорду ишке ашыруу кызматташтыктын башталышы гана экенин белгиледи. Кошумчалай кетсек, курулуп жаткан 2 кабат социалдык мейманкана 26 бөлмөдөн турмакчы.