Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо кызматынын 21-июндагы Кадамжай районунун Сарыбай айылындагы окуя боюнча билдирүүсү Баткен облусунун чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу аракетин жокко чыгарууда. Бул тууралуу Кадамжай районунун тургундары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына кайрылуу менен билдиришкен. "Өзбек чек ара кызматынын 21-июндагы билдирүүсүн өзбек тарап өз кызыкчылыгын көздөп, чек арадагы окуяны таптакыр тескери өңүттө кылып, коомчулукка туура эмес маалымат берүү аракети катары баалайбыз. Буга байланыштуу азыркы учурда чек арадагы айылдарда кырдаал курчуп кете турган болсо, бардык күнөөнү өзбек чек арачыларына коёбуз",- деп билдиришкен Кадамжай районунун тургундары өз кайрылуусунда. Кошумчалай кетсек чек ара аймактарында кырдаал кооптуу болгондугуна байланыштуу Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстан менен чектеш тилкедеги “Чечме” жана “ Кадамжай” өткөрүү пункттары жабылды. Кырдаал жөнгө салынганча өтмө бекеттер жабык турмакчы.