ЭЛДИК КАБАР: "Почта кызматкерлери мөөнөтү өткөн гезиттерди берип, акчасын кармап калышат" дейт окурман

"Биздин айылда почта кызматкерлери мөөнөтү өткөн гезиттерди берип, акчасын кармап калышат" деп Түп районундагы Талды-Суу айылынан окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жазды.

Анын айтымында, почта кызматкерлери тургундардан гезит керекпи же жокпу сурабайт.

"Мен жөлөк пул алуу үчүн барып бир нече жолу ушундай көрүнүшкө туш болдум. Кызматкерлер бизден сурабай эле мөөнөтү өткөн гезиттерди берип, анын акчасын кармап калышат", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Rifle_I
2018-05-17 18:41:26
Албаймын деп атсаңыз болот.
Мажбурлап сата албайт сизге.

Бизге да алып келишип, мажбурлашат алгыла деп.
-2
Missing-u
2018-05-17 18:46:11
Ар барганда 50-60 сомдук печенье пряниктерди 100 сом деп акча алып калышат,албайм деп албай койсон кийинкисинде акчанды болсо дагы жок деп кечиктирип анда дагы созсуз алдырып анан берет. Канча жолу тартышам ал 100 сомго мен картошка алсам 1-2 Кун жашайм же балама памперс алсам деп,телефонго тартсам кандай келинсин деп уяткарып суйлонду элдин алдында баары унчукпай алышат ошолорду кимге кайрыла алабыз мындай мисалдар толтура.
+2
Missing-u
2018-05-17 18:50:06
Анан дагы 12-15 сом 20 сомго чейинки тыйындарды бербей коет бизге 18 сом дайым бербейт ар айда 18 сомдон болсо бир жылда 200 сомдой болуп калат мага окшогон канчасына бербейт баарын кошсон коп эле сумма чыгып калат
+4
Ermekbai
2018-05-17 18:51:06
Автор эң көйгөйлүү маселени көтөрүпсүң. Бизде да бар ошондой.
+4
Zainidin96
2018-05-17 19:25:11
Булда акча табуунун бир жолу да
+4
Chungyz
2018-05-17 19:42:50
Чоон проблема кен
+1
Mahabatym...
2018-05-17 20:15:06
Кут билимди таратбаса керек мектептегилерге зорго жететко,башка гезитти эле тарткан окшойт
0
meku9205
2018-05-17 20:51:43
арбир почтадоо ушундай маселе биз дагы алабыз убагынан откон газеталарды албайм десен майда жок дейт имиш
+2
sely
2018-05-18 10:52:17
Эх адамдар ненизи ошол батинка жыртып кат таркатып нервин коротуп отурган кызматкерлерге данк. Эптеп пенсияга чыгып алалы дешип иштешет алган айлыгы 3000сом. Ал гезиттерди мамлекет элге сатууга берет, бекер таркатууга эмес анан алар таркатпай койсо баарибир ошол гезиттердин акчасын мамлекет кызматкерлердин айлыгынан кармап калат мен качан гана жакын курбум иштеп калганда тушунуп калдым озум кыйналыватсам да 50/60сомду жон эле суратпай эле мамлекеттин гезитин да албайле таштап чыгып кетем.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан