ЭЛДИК КАБАР: "Энелер күнүндө студенттер апаларга күтүүсүз белектерди беришти" дейт Ош шаарынын тургуну

Ош шаарында жаштар, студенттер жана окуучулар апаларды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдады.

Анын айтымында, кечээ, 20-майда жаштар коомдук унааларда энелер жөнүндөгү ырларды музыкалык аспаптардын коштоосунда аткарып, жүргүнчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

"Уюшкан жаштар жолдогу, коомдук жайлардагы, коомдук унаалардагы энелерге күтүүсүздөн гүл берип, көңүлдөрүн көтөрүштү. Апалар күтүүсүз белектерге ыраазы болуп жатышты, айрымдарына бул таң калычтуу болду", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Коомдук унаада энелерди куттуктап
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aszyma
2018-05-21 10:45:29
Жарайсынар. Келечегинер кен болсун.
+1
Jojosh
2018-05-21 11:08:02
Ушундай конул жылыткан жанылыктар коп болсо экен!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан