ЭЛДИК КАБАР: Окурман Ак-Талаа районунун Терек айылындагы ФАП толугу менен күйүп кеткенин кабарлады

Ак-Талаа районунун Терек айылындагы фельдшердик-акушердик пункт толугу менен күйүп кеткенин окурман "Элдик кабар" аркылуу маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, өрт 19-майдан 20-майга караган түнү саат он экиден өтүп башталган.

"Буга байланыштуу кырсык тууралуу көпкө чейин эч ким билбей калган. Биринчи көргөн тургун дароо Өрт өчүрүү кызматына кабарлаган. Бирок алар келгенге чейин имарат да, жабдуулар да күйүп кеткен. ФАП он жылдан бери иштеп келген. Кырсыктын келип чыгуу себептери азырынча белгисиз, бирок атайын экспертиза дайындалды", - деп жазган окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zainidin96
2018-05-21 13:16:50
Эптеп септеп эле куруп коюшканго
0
Bais
2018-05-21 15:07:09
Орт очуруу кызматкерлери ФАПтын вакцин сактаган муздаткычынан чыккан деп оздорунун документтерине жазып койгон. эч нерсени тактабай туруп ле бир коз болжол менен карап отуп туруп ле " орт ушундан чыкты" деп койгон болбойт да? почта болумундо же таза коом киоскасыда да болгон ал жакта ал жактан деле чыгышы мумкун да туурабы.
0
Jagym94
2018-05-21 17:52:27
Жашоочулардын медкартасы эмне болот?Куйуп кетти да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан