Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында катуу жааган жамгыр менен кошо мөндүр жаап өттү. Мындай маалыматты окурман бүгүн, 22-майда "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.
Келип түшкөн билдирүүгө ылайык, катуу шамал менен коштолгон жаан мындан 1 саат мурун жаап өткөн.
"Аба ырайы күтүүсүздөн эле өзгөрө түштү. Адегенде шамал, анан жамгыр башталды. Андан соң мөндүр да жаады. Мөндүрдүн жаашы эгин талааларына, короого жаңы отургузулган жаш көчөттөргө зыянын тийгизди", - деп окурман өзүнүн билдирүүсүндө кабарлаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.