Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Талкууда депутат Эркингүл Иманкожоева көлдүн жээгине мончо куруп, андан дароо көлгө түшкүдөй түзүлгөн көл суусунун булгануусуна алып келүүчү жагымсыз жагдайларга карата көрүлүп жаткан чараларга кызыкты. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов көл жээгине мончо курган жактарга дагы эбегейсиз чоң айып пул салуу боюнча керек болсо мыйзам кабыл алынышы керектигин, көлдүн табигыйлыгын сактап калуу үчүн андай жайлар токтоосуз жабылышы керектигин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнө эскертти. Мындан сырткары балык уулоодо монофилдик торчолордун өтө зыяндуулугун белгилеп, ага бөгөт коюу максатында мыйзам кабыл алынгандыгы айтылды. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.