Депутат Чыныбай Турсунбеков: "Укук коргоо органдары коррупцияга каршы иш козгоого негиздерди таап чыгышууда"

Коррупция менен күрөшүү Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон. Өлкө башчы болуп шайлангандан кийин да бул убадасын эскертип айтып келет. Акыркы мезгилде бир нече аткаминерлерге айып тагылып, кылмыш иши козголду. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов бар.

SUPER.KG порталынын "Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатабы же бул жөн гана саясий күрөшпү?" деген соболуна депутат Чыныбай Турсунбеков төмөнкүдөй жооп берди. Турсунбековдун айтымында, сот өкүмү чыккандан кийин гана тандалма күрөш болгон же болбогонун айтуу керек.

"Мен, албетте, тазалануу бар деп ойлойм. Бирок ал тазалануу иргебей толук жасалса, маселе жок. Кандайдыр бир кызыкчылыкка байланып калган болсо, анда өзүнүн келечегине балта чапканга барабар. Азыр иш жаңы эле башталды. Мен Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов боюнча материалдарды кызыгып карап чыгып жатам. Албетте, укук коргоо органдары иш козгоого негиздерди таап чыгып жатышат. Бирок ошол негиздердин дареги бизди өзгөчө кызыктырат. Эми күнөөлүүлөр жоопко тартылып жатабы же тандалма жүрүп жатабы, ушул маселе бар. Азыр бир жактуу жооп берип, пикир айтуу туура эмес. Тергөөнүн жана соттун жыйынтыгын күтүшүбүз зарыл. Мен да азыр кандай аяктаарын карап турам. Кийин гана тандалма болдубу же жокпу айтса болот", - деди Турсунбеков.

Депутаттар Айсулуу Мамашова, Зиядин Жамалдинов, Максат Сабиров жана Алиярбек Абжалиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан