КҮНСЕРЕП: Гудбай, Бишкек! Салам, Нью-Йорк! УКМК Шадиевдин дайынын 2 айдан кийин гана билди

Бүгүн, 1-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кечиккен аракет... Экс-чиновник, парламент депутаты Аскарбек Шадиевди 2 айга камакка алуу чечими чыкты. Албетте, Биринчи Май райондук соту чечимди сырттан чыгарды, анткени Шадиев өлкөдө эмес. Жогорку Сот ал 48 сааттын ичинде кармалышы керек дейт. Буга чейин Шадиев өлкөдө деп ишендирип жүргөн УКМК бүгүн Шадиев эбак эле АКШга учуп кеткенин моюнга алды. Бул президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнүн башталбай жатып мүдүрүлгөнү.

Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге шек быйыл февралда, парламенттин Эл аралык иштер комитетинин кызматкери Арсен Закиров парламенттен 30 миӊ доллар уурдалышы боюнча кармалганда түшкөн. Себеби 30 миӊ доллар Шадиев аталган комитеттин төрагасы болуп турган кезде ал кол койгон каттын негизинде бюджеттен бөлүнүп, уурдалып жатат. Бирок тийиштүү органдар Шадиевди суракка алууга шашылган жок. 28-апрелде гана Башкы прокуратура "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп кылмыш ишин ачты. Бул убакта Шадиев өлкөдө эмес эле, анын жардамчысы Айбек Эрмеков Шадиев дарылануу үчүн 27-апрелде өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Чек ара кызматы бүгүнкү күнгө чейин Шадиевдин өлкөдө эместигин "жашырып" келишти. Адегенде Чек ара кызматы "сыртка чыккан адамдар боюнча ачык айтылбайт" деп прессага маалымат берүүдөн баш тартса, УКМК Чек ара кызматына шилтеме берүү менен Шадиев чек арадан өткөн эмес деп келди. 2 күн мурун эле УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Абдыкадыр Разаев да, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да парламентте депутаттарга Шадиевдин кайда экенин айта албай коюшту. Кечээ Коопсуздук кеӊешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге Шадиев өлкөдө экенин айтып, эгер өлкөдөн чыгып кеткен болсо ага чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча башка иш ачыларын билдирди. Жоо кеткен соӊ... дегендей, түштөн кийин кылмыш ишин ачуу коррупцияга каршы куру кыйкырык эмес, олуттуу жыйынтык талап кылып жаткан элди соорото албайт.

Баткендин кулуну Шадиев Тажикстан аркылуу алгач Москвага, андан ары Нью-Йоркко учканы белгилүү болду. Кыргыз-Тажик чек арасынан мыйзамсыз, сууну кечип өткөнүн айткан УКМКнын Шадиевдин качып кеткенин билбедик деген жообу көпчүлүктү ынандырган жок. 2017-жылы Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши ачылганда аны чет өлкөдөн келери менен аэропорттон кармап, УКМКнын тергөө абагына киргизишкен. Садыр Жапаровду да чек арадан тосуп алып түз УКМКга алып барып камашкан. Депутат Канат Исаев дагы өзүнө кылмыш иши ачылары менен камакка алынган. Шадиев өңдүүлөргө кезек жеткенде жогорудагыдай ыкчам аракет көрүнбөй эле. Андыктан тийиштүү органдар коррупцияга шектүүлөрдүн өлкөдөн качып кетүүсүнө шарт түзүп берип жатышабы? Же күнөөсүз адамдарды куугунтуктап, чыныгы күнөөлүүлөрдүн өлкөдө ээн-эркин жүрүшүнө шарт түзүп жатабы? деген суроо жаралат. Себеби мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болгонуна карабай Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов өңдүүлөр өлкөдөн качпай-этпей эле жүрүшөт. Анткени качса, чыныгы күнөөлүүлөргө жетүү мүмкүн болбой калмак.

Шадиевдин аты башка чуулгандуу иштерде да аталууда. Депутат Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаӊылаган ТВЕА компаниясынын эсепчиси Шадиевдин да эсепчиси болуп чыкканын айтат. Бул өӊдүү маалыматтар Шадиев өлкөдөн чыгарып жибере турган фигура эместигин көрсөтөт. Ага карабай кылмыш иши ачылгандан бери Шадиев бир да жолу УКМКга суракка чакырылган эмес. Жарандык коом оор кылмышка шектелип, айыбы угузулган экс-чиновниктердин дароо камакка алынбай ээн-эркин жүрүшүн сынга алууда. Коррупцияга каршы күрөштөгү мындай "таш бака жүрүш" менен Жээнбековдук бийлик эртеӊ башкаларды деле өлкөдөн "качырып" жибериши мүмкүн...

Бишкек шаардык соту экс-депутат Карганбек Самаков боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Самаков менен бирге айыпталган экс-премьер Игорь Чудинов, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев жана башкалар боюнча да өкүм өзгөрүүсүз калды. Шаардык соттун чечиминен улам парламентте "Бир Бол" фракциясынан депутат Игорь Чудинов мандатынан ажыратылат.

2017-жылы Октябрь райондук соту 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча күнөөлүү деп таап Самаковду 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Чудинов менен Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынган. Башка айыпталуучулар да 8 жылдан 10 жылга чейин соттолушкан эле. Ушуну менен өлкөдө резонанс жараткан экинчи кылмыш иши боюнча мурдагы бийликтин тушунда чыккан сот өкүмдөрү күчүндө калды. Өткөн айда Жогорку Сот экс-депутат Аида Салянова боюнча төмөнкү 2 инстанциянын өкүмдөрүн өзгөрүүсүз калтырган.

Быйыл 7-майда Самаковдун адвокаттары ишти шаардык сотто кароого президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн ал кездеги башчысы Манасбек Арабаев кийлигишип жатканын айтып чыгышкан эле. Арабаев кызматтан алынып, ордуна Бишкек шаардык сотунун судьясы Санжар Исабаев дайындалды, албетте, бул Жээнбековдун бийлигинин тушунда соттор мурдагы чечимдерин 100 пайыз жокко чыгарышы керек дегенди билдирбейт. Бирок талкуу жараткан чуулуу иштер боюнча сот чечимдери такай коомчулуктун көзөмөлүндө турат. Көрүнүп тургандай, Арабаевсиз деле шаардык сот Самаковду актап же жазасын жеӊилдетип жиберген жок. Жакында Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары 5 жаӊы жагдай табылганын белгилеп, ишти сотто кайрадан кароо боюнча Башкы прокуратурага кайрылышты. Эгер Башкы прокуратура колдоого алса, аталган саясатчыларды кайра сот залынан көрүп калуубуз мүмкүн. Канат Исаевдин ишин шаардык сотто кароо процесси да аяктап калды. Соттук кароодо башка резонанс жараткан иштер дагы бар, коомчулук ушул иштерге соӊку өкүмдөр чыкканда сотторго кайрадан баа берет...

Бишкекте жол кыймылын тескөөчү инспекторго баш ийбеген айдоочуга "бийлик адамына зомбулук көрсөттү" деп кылмыш иши ачылды. Айыпталуучу Нургүл Балтабаева - Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы.

Окуя 31-майда Бишкекте болгон. Милициянын версиясы боюнча, МАИ кызматкери Лексус 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты токтотуп, коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айдоочусуна айып жазууга аракет кылган. Бирок айдоочу протоколго кол койбой, ал жерден качып кетмекчи болуп, жолун тосуп унаанын алдына туруп алган инспекторду бир топ жерге чейин түртүп барган. Ал эми Нургүл Балтабаева МАИ кызматкери капотко жабышып чектен чыккан жорук жасаганын, бирок аны бир топ жерге чейин түртүп барганы үчүн күнөөсү бар экенин айтты. Инспектор Эмил Нарбеков бул окуяда өзүнүн кызматтык милдетин гана аткарганын айтат. "Негизи айдоочу тергөө бүткөнгө чейин камакта болушу керек эле, бирок кечинде үйүнө чыгарылып кетиптир" деген Нарбеков ушундан улам иш акыйкат караларынан күмөн санап жатканын билдирди. Лексус айдаган айым Назгүл Чодронованын 2013-жылдагы окуясы унутула элек. Анда Чодронова инспекторго баш ийбей унаасы менен бир топ жерге качып барып кармалып, милиция кызматкерлерин ал кездеги ИИМдин башчысы Абдылда Суранчиевге телефон чалам деп коркутканы белгилүү. Чодронова 1000 сом айып төлөп кутулган. Коомчулук Балтабаеванын иши кантип аяктай турганына көз салып турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан