Бишкекте жол эрежесин бузуп, качууга аракет кылган айдоочунун жол тандабас унаасын токтотуу үчүн 300 метрдей жерге чейин унаага түртүлүп барган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Эмил Нарбеков окуя кандай болгонун SUPER.KG порталына айтып берди.
"Окуя Чыңгыз Айтматов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда мен Lexus 570 үлгүсүндөгү унааны токтотком. Себеби айдоочу жана жанындагы жүргүнчүсү коопсуздук курун тагынышкан эмес. Мен өзүмдү тааныштырып, анын айдоочулук жана унаага тиешелүү болгон күбөлүгүн сурап, административдик протокол толтурдум. Ошондой эле көчүрмөсүн алып, сизге убактылуу күбөлүк берилет деген учурда айдоочу протоколго кол койбой, тийиштүү кагазды күч менен тартып алып, терезесин жаап, качууга аракет кылды. Мен ошол убакта унаанын токтотуу үчүн алдына турдум. Айдоочу буга дагы баш ийип токтобостон 50 метрдей аралыкка түртүп келе берди. Анан жол жээгиндеги жарандардын жардамы менен унааны токтотуп, айдоочу аялды Ленин РИИБине жеткирип, унаасын айып короосуна жеткиргенбиз", - деди Нарбеков.
Инспектор "мен бул окуяда болгону жумушумду так аткардым" деп эсептейт.
"Башында айдоочунун ким экенин билген эмесмин. Кийин сураштырып келгенде депутаттын кызы болуп чыкты. Мен бул жерде милдетимди аткардым да. Анткени бул менин жумушум. Негизи кечээ ал айдоочу тергөө бүткөнгө чейин камакка алынышы керек эле, бирок кечинде үйгө чыгарылып кеткенин уктум. Мындан улам менде иш акыйкат каралабы деген ой пайда болду", - деди инспектор.
Эске салсак, 31-майда "Бишкекте айдоочу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп келди" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабарга" видеосу менен жөнөткөн. Айдоочу окуя болгон жерге барган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын унаасы Ленин РИИБинин айып аянтчасына жеткирилген. Ал эми Бишкек ШИИББи бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик адамына зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш ишин козгогон.