Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновду депутаттык мандатынан ажыратуу маселеси качан каралары азырынча белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда SUPER.KG'ге БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, эл өкүлүнө айып салынган Бишкек шаардык сотунун чечими БШКга келип түшө элек.
"Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновго карата Бишкек шаардык сотунун чечими чыкканын биз ММКлар аркылуу билдик. Депутаттын мандаты боюнча шаардык сот биздин дарегибизге тийиштүү документтерди жөнөткөн соң мандаттан ажыратуу маселеси каралат. Мандатынан ажыратылып калса, мандатты мыйзам боюнча тизмеде кийинки турган Бактыбек Турусбековго берүү маселеси каралат", - деди Бекматов.
Эске салсак, 2017-жылы Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Аны менен кошо уулу Кубанычбек Самаков жана төрт санаалашы 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми аталган иштин алкагында депутат Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынган. 2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.