MegaCom компаниясы өз ичине чектөөсүз түнкү интернетти, күндүзгү интернеттин болуп көрбөгөндөй көлөмүн жана да ар бир топтомго киргизилген түйүндөн тышкары мүнөттөрдү камтыган "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун жаңы түркүмдөрүн сунуштайт. Компания адистери ыңгайлуу топтомдорду иштеп чыгууда, албетте, мега-түйүндүн абоненттеринин мүдөөлөрүн эске алышты. Ар бир абонент өзү каалаган топтомун тандап алса болот.
«Элдик S/M/L» топтомдору:
Эгерде сиз интернеттин абдан жигердүү колдонуучусу болсоңуз жана да мобилдик телеберүүнү көрүүнү жактырсаңыз, анда төмөндөгү "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун бирин тандап алсаңыз жаңылбайсыз:
MegaCom тарабынан ишке киргизилген ыңгайлуу акция жаңы топтомдор түркүмдөрүн кошуудагы жагымдуу бонус болуп саналат. Эми негизги тарифке киргизилген интернеттин мегабайттары сарпталгандан кийин абоненттер кам санабай эле коюшса болот. Алар акциянын алкагында түйүндөн тышкары мүнөттөрдү мобилдик 4G-интернетке АКЫСЫЗ алмаштыра алышат. Бул үчүн *678*678*Y#чалуу USSD-буйруусун терүү, <678*Y> же <678#Y> тексти менен 678 номуруна SMS жөнөтүү жетиштүү, бул жерде Y – түйүндөн тышкары мүнөттөрдүн саны (5ке калдыксыз бөлүнө турган).
Алмаштыруу курсу: түйүндөн тышкары 5 мүнөт = 4G түйүнүндө 1 Гб .
Сунуш менен колдонуп калууга жетишиңиз – акциянын аракет мөөнөтү 2018-жылдын 10-июлуна чейин.
Жаңы топтомдор түркүмү жана акция тууралуу толугураак маалымат megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылган.