"Бишкек шаарындагы "Ош базарында" эркек киши жарым жылаңач абалда үйдөгүдөй эле уктап жатат" деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жиберген.
Билдирүүгө ылайык, базарда уктап жаткан адамды ал бүгүн, 13-июнда тартып алган.
"Бул сүрөт, албетте, мени таң калтырган жок. Анткени шаардын ар кайсы жеринде мас абалда уктап жаткан селсаяктар көп. Бирок биз мындай көрүнүштү жоюунун аракетин көрбөсөк абал күчөй тургандыгы турган иш. Бүгүн базарда чечинип алып, ээн эркин уктап жаткан киши өспүрүмдөргө, балдарга кандай таасир берет? Бул туура эле көрүнүш деген ой бара-бара калыптанып калбайбы? Андыктан тиешелүү мекемелер маселенин үстүнөн иштесе жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.