Ысык-Көлдө судьялар үчүн 2 күндүк семинар болуп өттү

24-25-июнда Жогорку Сотко караштуу Судьяларды окутуу борбору "Укук үстөмдүгүнүн платформасы - Борбордук Азия" европалык комиссиясынын долбоору жана эл аралык укуктук кызматташтык боюнча германиялык фонду менен биргеликте административдик укук боюнча судьяларга 2 күндүк семинар өттү. Иш-чарага Жогорку Соттун төрайымынын административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары, Жогорку Соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары, облустук соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын жана Кыргыз Республикасынын район аралык сотторунун судьялары, бардыгы болуп 32 судья катышты. Семинардын машыктыруучу-эксперттери: Айкын укук институту башкармалыгынын төрагасы Эрмек Иманалиев; Марсель университетинин коомдук жана административдик укук боюнча профессору (Франция) Оливье Ле Бот; эл аралык кызматташуу боюнча топтун директору, Германиялык илим-изилдөө бирикмесинен юридика илимдеринин кандидаты Кристиан Шайх; "Укукту жана бизнести өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун укуктук эксперти Венера Болтобаева болушту.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан