Алмазбек Атамбаев АКШнын Транзиттик борборун өлкөдөн чыгарууга багытталган мыйзамга кол койду
Бүгүн, 26-июнда президент Алмазбек Атамбаев “Манас” аба
майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо
жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Мыйзамга
ылайык,
өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 2014-жылдын 11-июлуна чейин АКШ өкмөтүнө келишимдин
жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүүсү зарыл. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Эске салсак,
“Манас” аэропортундагы Транзиттик борбор тууралуу жана ага байланышкан
кандайдыр бир мекемелер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү
менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы 22-июнда кол
коюлган. Бул макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун өкмөт
парламентке бир ай мурун жөнөткөн болчу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып
күчүнө кирет.