"Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.
Окурмандын айтымында, эл аралык багытта жүргөн автобустардын абалы зээнди кейитерлик, аларда эч кандай шарт жок. Муну менен катар эле айдоочулар да жүргүнчүлөргө орой мамиле кылышат.
"Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча жүргөн автобуска түшүп жол тартканбыз. Айдоочулар 3 күндүн ичинде Бишкекке жетесиңер деп айтышкан. Бул автобуста 52 жүргүнчү келди. Автобус жолдо бузулуп калып 7 күн жол жүрдүк. Автобустун ичинде эч кандай шарт жок, ысыкта кондиционери дагы иштебейт же терезелери ачылбайт", - дейт окурман.
Ошондой эле окурман айдоочулар жүргүнчүлөргө кайдыгер мамиле кылып, аларга автобусту сүрөткө тартууга да уруксат бербей койгонун кошумчалаган.
"Мекенин сагынган мигранттар учакка билеттин кымбаттыгынан автобус менен келишет. Чет жерде кыйналганы аз келгенсип жолдо да азап тартат. Күндүн ысыгында жолдо ачка, көлөкө жер таппай кыйналдык. Ал эми акчасын алган айдоочулар бизден кечирим сурап да, абалыбызга кызыгып да коюшкан жок", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.