"Базар-Коргондо жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган көпүрөдөн жүк ташуучу жана жеңил унаалар өтүп жатып көпүрөнү жарактан чыгармай болду" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, жөө жүргүнчүлөр үчүн салынып, ишке берилгенине аз гана убакыт болгон көпүрөнүн абалы күн өткөн сайын начарлап барат.
"Базар-Коргон районунун борбордук базары менен Жипром, Могол айылдарын байланыштырып турган көпүрөнүн ишке берилгенине аз гана убакыт болду. Көпүрө жөө жүргүнчүлөр үчүн салынганына жана атайын жол белгиси турганына карабастан, ал жактан жүк ташуучу жана жеңил унаалар өтүп жатат. Мындан улам көпүрөнүн абалы күн санап начарлап баратат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.