"Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда катуу мөндүр жаады" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 17-июлда саат 12:00 чамасында мөндүр жаап өткөн.
"Эртең менен аба ырайы кургак эле болчу. Асманды кара булут каптап турган. Биз жамгыр жаайт го деп ойлогонбуз. Бирок жамгыр эмес, мөндүр жаап өттү. Мөндүрдүн жаашы 5 мүнөткө созулду. Көлөмү чоң, анан аябай катуу жаады. Азыр Каракол тарапта жаап жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.