"Сокулукта суу түтүктөрү өтүүчү кудуктардын капкактары жок турганына көп болду, ага түшүп кеткен унаалар көп" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Сокулук айылынын Панфилов көчөсүндө унаалар өтүүчү жолдун ортосунда суу түтүктөрү өтүүчү 2 кудуктун ачык турганына көп болду. Бул кудуктарды көрбөй канчалаган машиналар дөңгөлөктөрү менен түшүп кетип жатышат. Бир кудуктун ачык тура берип ичи таштандыга толуп деле калды. Ушуну жолду көзөмөлдөгөн кызматтар карап, жаптырып коюшса жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.