ЭЛДИК КАБАР: "Кочкордо бир күндөн бери күйүүчү май жок болууда" дейт окурман

"Нарын облусунун Кочкор районунда күйүүчү май бир күндөн бери жок болуп жатат" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Кочкордо күйүүчү май жок болуп жатат. Мен Балыкчыга жетиш үчүн жолдон шаарга кетип бараткан адамдан 4 литр май сатып алып, Балыкчы шаарынан барып куюп келдим. Газпром май куюучу жайы 4 айга оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылган. Балким, ошого байланыштуубу, билбейм. Бирок башка май куюучу жайларда эмнеге жок болуп жатканын билбей жатам", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан