“Мейкин Азия” сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган ырчылар тандалды
18-21-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата
шаарында өтө турган “Мейкин Азия” сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган
ырчылар тандалды. Бул тууралуу аталган сынактын уюштуруучулары билдирди. Маалым
болгондой, алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан бул сынактын тандоо туру 24-июнда
болгон эле. Калыстардын элегинен Нена, Ислам Акматов, Айар, Адилет
Азимов, Салтанат Аширова, Ильяс Жаналиев, Сталбек Жээнбек уулу, Нуржигит
Субанкулов, Зарлык Камбаралиев, Рустам Исмаилов, Нурбакыт Разаков, Рита Скочила,
Элзат Төлөгөнова, Курал Чокоев жана “Музаман” тобу( трио) өткөн.