ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин четиндеги Жеңиш жаңы конушунда жайдын саратанында ичүүчү таза суу чыкпай калды" дейт окурман

Бишкек шаарындагы Биринчи Май районуна караштуу Жеңиш жаңы конушунда он күндөн бери ичүүчү таза суу жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта окурман "Элдик кабарга" маалымдады.

Анын айтымында, конушта канал же арыктарда да суу жок, айыл эли сууга зар болуп турат.

"Ушундай аптаптуу ысыкта суунун токтошу элди көп эле түйшүккө салды. Ар кайсы жерден ташып келгенибиз менен жеткирүү кыйын. Көчө комитетинен суунун эмне себептен өчкөнүн сурап биле албай жатабыз, суунун акысы төлөнбөй калган дешет. Эми ар бир үйдөн 1 миң 500 сомдон топтолушу мүмкүн экенин конуштагылар айтып жатышат. Биз дайыма сууга төлөмдөрдү төгүп келгенбиз, ортодо жетпей калса эмнеге биз азабын тартабыз?" - деп жазган окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmira12345
2018-08-08 17:55:40
Кичине куто тургулада шартпы ушуякка жонотуш башка жерлерде таза суу эмес арыктагы суу жок кочонор асфальт экен убактылуу токтосо чыгатго
0
Rusi79
2018-08-08 20:42:25
убактылуу деп кулкумду келтирбегилечи.Биздин жаны конушта тап тугу менен жок таза суу отурабыз го унчукпай эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан