КҮНСЕРЕП: Бурулайдын өлүмүндө кимдин жоопкерчилигин жеңилдетүү аракети жүрүп жатат?

Бүгүн, 10-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын иши жабылып калганы турат. Кыздын атасы Турдали Кожоналиев ушуну айтып, экинчи соттук-медициналык экспертиза да маркумдун көкүрөгүндө бычак менен жазылган тамгалар болгон эмес деген тыянак чыгарганын айтат. Тыянак "соодаланып" кеттиби?

Кыздын атасы super.kg порталына Бурулайдын аталган экспертизадан кийинки сүрөтүн берди, анда кыздын денесинен "Н" деген тамга, "+" белгиси бычак менен чийип жазылгандай көрүнөт. Эксперттер аны дефибриллятор аппаратынан калган так деп жатышат. Биринчи соттук-медициналык экспертиза да кыздын денесинде тилинип жазылган тамга болгон эмес деп жыйынтык чыгарып берген. 1 ай мурун премьер Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулайдын атасы менен жолугууну, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын дыкат карап чыгууну буюрган. Азыркыга чейин ИИМ жетекчиси кыздын атасын кабыл ала элек. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясынан президент Сооронбай Жээнбеков кабардар. Ал премьер Абылгазиевге бул окуяга күнөөлүүлөрдүн баары катуу жазаланышы керектигин эскерткен. Бул окуя коомчулуктун да көзөмөлүнөн түшө элек. "Колумдагы далил сүрөттөргө карабай экспертиза кыздын денесинде жазуу жок деп жыйынтык чыгарыптыр. Адилеттүүлүк издеп жүрүп чарчадым, бул иштин аягына чыгарына көзүм жетпей калды" дейт Бурулайдын атасы. Бул бүтүндөй республика, дүйнөлүк ЖМКлар талкуулап, өлкө жетекчилиги көзөмөлүнө алган иштин азыркы абалы. Бул окуя боюнча Чүй облустук, Жайыл райондук милициясынын 23 кызматкерине чара көрүлгөн. Алды кызматтан бошотулса, арты сөгүш, эскертүү алышкан. Факт боюнча милиция кызматкерлерине "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине ылайык, адам өлүмү үчүн "шалаакылыкка" айыпталгандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бүгүн "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын апасы да адилеттик сурап президенттин атына кат жазды. Ал кызын өлүмгө алып келген жол кырсыгы боюнча иш тергөөдө, сотто калыс каралышын талап кылды. Сания Шакирова июнь айында жол кырсыгынан каза болуп, кылмышка шектүү катары кармалган айдоочуну Ысык-Көл облустук соту үй камагына чыгарып жиберген. Мындай иштер өлкөдө жүздөп, балким, миӊдеп саналат. Президенттин, премьердин, Жогорку Кеӊештин көзөмөлүндө турган чуулгандуу иштерде жабырлануучулар адилеттик таппай жатса, башкалардын абалы кандай экенин элестетүү кыйын деле эмес...

Кой-Таштагы №73809-аскер бөлүгүндөгү окуя боюнча 3 кылмыш иши ачылды. Алар: аскердик кызмат өтөп жаткан жоокерлерди мыйзамсыз чарба иштерине тартуу, мыйзамсыз курал сактоо жана кылмышты жашыруу.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова аскердик бөлүктүн 6 жоокери ур-токмокко кабылганын айтып чыккан эле. Анын билдиришинче, командирлер жоокерлерди бирөөнүн ишине жумшап, ал үчүн 1000 сомдон алып турушкан. Жоокерлердин бутунун алдына ок атып, мазакташкан. Мындан улам 1 жоокер эсин жоготуп кулап, ушул тапта психиатриялык ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Дагы бир жоокер катуу токмоктон кийин кулагынан кан токтобой, ата-энесин чакырууга аргасыз болгон. Кылмыш иши ачылган соӊ аталган аскер бөлүктүн командирлери кызматтан бошотулганы белгилүү болду. Эми коомчулук алардын кандай жаза аларын күзөтүп турат. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеӊешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Өлкө жетекчиси фактыны дыкат иликтеп чыгып, күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартууну талап кылды.

Быйыл 6-июнда Сокулуктагы №19-абакты кайтарып жаткан жоокер өзүн-өзү атып каза болгон. 13-июлда Аламүдүндө №1-түзөтүү абагында күзөттө турган жоокер өзүн-өзү атып, учурда ооруканада дарыланууда. Жакында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокери да өзүн-өзү атып каза болду. Бул окуялардан кийин аскер бөлүктөрүн жана ЖАМКнын аталган департаментин атайын Коопсуздук кеӊешинин чечими менен түзүлгөн комиссия текшерери айтылган. Аскердик кызматка "автомат кармаганды" үйрөнүүгө келип, бирок мөөнөтүн бирөөнүн чарба иштерин жасоо менен өткөрүп жүргөн мекен коргоочулар ондоп, жүздөп саналышы мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан