"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча анын апасы президент Сооронбай Жээнбековго кат түрүндө кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.
Өлкө башчыга жазган кайрылуу катында ал кызынын өлүмү боюнча окуянын калыс тергелишин өтүнгөн.
"Бир жума мурун жазган катымда кызымдын окуясы акыйкат тергелсе деген өтүнүчүмдү айткам. Бирок жооп келе элек. 3-августта шектүүнүн үй камагына чыгарылган убактысы бүткөн экен. Жактоочубуздан бул боюнча сурасам, ал кайра узартылганын айтты. 15-августта Ысык-Көл райондук сотунда биринчи сот процесси болот", - деди Мамбеталиева.
Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген. Кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу шектүү катары кармалып, 27-июнда ал Ысык-Көл облустук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.