Аскердик бөлүктө прапорщик тарабынан сабалган жоокерге тийиштүү жардам көрсөтпөгөн фельдшерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы штабдын коррупцияга каршы күрөшүү жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Темирбек Козуев 10-августта өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
Жыйынга катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, жоокерди катуу буюм менен кулакка чабышкан.
"Жоокердин кулагы канап кетип, арыктагы сууга жууп жатканда аскердик бөлүктүн фельдшери көргөн экен. Жоокер болгон ишти фельдшерге айтып берсе, фельдшер ал прапорщик буга чейин да жоокерлерди сабап жүргөнүн айтып, кулагына кебез тыгып берип койгон. Андан башка эч кандай медициналык жардам көрсөткөн эмес. Ошондой эле бекитилген уставдарга ылайык, жоокердин кулагынан жаракат алганы тууралуу жетекчиликке билдирген эмес. Кулагы шишип кеткен жоокер туугандарына чалып, дары-дармек алып келип берүүсүн суранган. Ушул окуядан кийин жоокердин жакындары полигондо болуп жаткан кыйноолор тууралуу угушкан", - дейт укук коргоочу.
Ал эми Темирбек Козуевдин айтымында, азыркы тапта үч кылмыш иши козголду. "Биринчиси - аскер кызматындагы жоокерлерди мыйзамсыз чарбалык иштерге тартуу, экинчиси - мыйзамсыз курал сактоо. Ал эми үчүнчүсү кылмышты жаап-жашыргандыгы үчүн фельдшерге карата козголду", - деди Козуев.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова буга чейин "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан 6 жоокер кордукка кабылгандыгы тууралуу ата-энелер арыз менен кайрылгандыгын айтып чыккан.