Нью-Йоркто жылдын мыкты клиби аныкталды

Америкалык MTV телеканалы жыл сайын "MTV Video Music Awards" сынагын уюштуруп, клиптердин хит-парадын өткөрүп, жылдын мыктыларын аныктап келет. Бул ирет мыкты клип деп куба-америкалык ырчы Камила Кабельонун "Havana" видеокомпозиясы табылган.

Белгилүү болгондой, "MTV Video Music Awards" сынагында 21 жаштагы Камила Кабельо 4 наамга көрсөтүлүп, "Жылдын мыкты артисти" жана "Жылдын мыкты клиби" наамдарын жеңип кеткен. Ал эми аталган сыйлык тапшыруу салтанатында эң көп наам алган америкалык рэп аткаруучу Карди Би болгон. Ал жалпысынан 12 наамга көрсөтүлүп, 3 багыт боюнча сыйлыкка ээ болгон.

Маалымат үчүн: "MTV Video Music Awards" сыйлыгы 1984-жылдан тарта MTV телеканалы тарабынан уюштурулуп, жылдын мыктыларын аныктап келет. Бул сынак беделдүү сынактардын катарына кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Koshaly
2018-08-21 18:46:43
Камиланы суйом го)
0
Dembele84
2018-08-21 21:59:53
Клип достойный,туура чечим...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан