Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтү 2 айга узартылды. Мындай чечимди бүгүн, 27-августта Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Тергөөчү Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырууну суранган, ал эми жактоочу үй камагына чыгаруу керектигин билдирген.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
15-августта Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.