Мамлекеттик тарых музейинде күмүш жасалгалардын көргөзмөсү болот
5-июлда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде күмүш
жасалгалардын көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм
министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Көргөзмөдө 19-20-кылымдарда
кыргыздар колдонгон күмүштөн жасалган зер буюмдар көрүүчүлөргө тартууланат. "Бул зер буюмдар өтө зор илимий баалуулукка ээ. Ар бириңиздерди көргөзмөгө чакырабыз",- деп жазылган билдирүүдө. Иш-чара саат 12:00дө башталат.