Депутат Зарылбек Рысалиев: "Президент кааласа ортомчулары жок эле коррупциялык иштерди билип алат"

Үч жылдан бери Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалган. Ал коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кеткенин билдирген. Буга чейин ал инспекциядагы көйгөйлөр боюнча жетекчиликке кайрылганын айткан. Анын сунуштарына көңүл бурулбагандыктан 11-июлда плакат көтөрүп алып, кесиптештерин таза иштөөгө чакырган. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат катчы нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынганын билдирген. Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Президент маалымат катчы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын айтты.

SUPER.KG порталынын "Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев өз пикирин билдирди.

Рысалиевдин айтымында, президент кааласа кайсы жерде коррупциялык иш бар экенин билип алат.

"Коррупция биздин ар бир күнүмдүк жашообузда кездеше турган нерсе болуп калды. Президент кааласа ортомчулары жок эле ар бир жердеги коррупциялык ишти билип алат, мунун кыйынчылыгы жок. Президентке жеткириштин жолу көп, мисалы, ЖМК өкүлдөрү бар, ар бир жаран кат жазса болот. Коррупцияны бир күндө же бир айда жоюп салууга мүмкүн эмес, убакыт керек. Коррупция менен күрөштү тынымсыз уланта берсе акыры аягына чыгат. Биздин өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө президент Сооронбай Жээнбековдун 6 жылдык мөөнөтү толук кетиши мүмкүн, ошондо да аягына чыгарууга мүмкүн эмес", - деди Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Мирлан Жээнчороев, Искендер Матраимов, журналист Нарын Айып жана Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан