Журналист Нарын Айып: "Ар бир ишти чечүү президенттин иши эмес, тийиштүү кызматтар чечиши керек"

Үч жылдан бери Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалган. Ал коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кеткенин билдирген. Буга чейин ал инспекциядагы көйгөйлөр боюнча жетекчиликке кайрылганын айткан. Анын сунуштарына көңүл бурулбагандыктан 11-июлда плакат көтөрүп алып, кесиптештерин таза иштөөгө чакырган. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат катчы нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынганын билдирген. Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Президент маалымат катчы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын айтты.

SUPER.KG порталынын "Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?" деген соболуна журналист Нарын Айып өз жообун билдирди.

Нарын Айыптын белгилешинче, ар бир ишти президент эмес, ага чейинки тийиштүү кызматтар гана чечип коёрун, чече албаганы иштебегенинин белгиси экенинен кабар берет.

"Президентке коррупциялык иштерди жеткирүү үчүн өзүнүн атайын суроо-талаптар боюнча сайты аркылуу деле жеткирүүгө болот. Ал каттарга сөзсүз жооп берилиши керек деп ойлойм. Көп адамдар президент көңүл бурсун деп көп иштерди айтат, бирок анын баары эле президенттин иши эмес, аны алдындагы тиешелүү адамдар эле бүтүрүшү керек. Экотехинспекциядагы ишти айтып чыккан Анара Мамбеталиева деле сөзсүз президентке кайрылышы керек беле, тийиштүү жерлерге айтса болмок. Экотехинспекция өкмөткө карайт да, ошол өкмөт эле ишти бүтүрүп, чечип коюшу керек, чуу чыгаруунун кажети жок болчу. Ишти чече албайбы, демек, өкмөт иштебейт. Баары эле өйдө жактан эмне буйрук келет деп карап отурушат", - деди Нарын Айып.

Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, Искендер Матраимов жана Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан