Үч жылдан бери Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалган. Ал коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кеткенин билдирген. Буга чейин ал инспекциядагы көйгөйлөр боюнча жетекчиликке кайрылганын айткан. Анын сунуштарына көңүл бурулбагандыктан 11-июлда плакат көтөрүп алып, кесиптештерин таза иштөөгө чакырган. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат катчы нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынганын билдирген. Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Президент маалымат катчы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевмаалымат жыйында Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын айтты.
SUPER.KG порталынын "Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.
Ал белгилегендей, мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты берүү үчүн президенттин сайты, "каттар.кг" деген сайт аркылуу кайрылса болот.
"Электрондук же кат түрүндөгү маселелер боюнча ар бир кызмат абалына ээ болгон адам мыйзамга ылайык, катты окууга жана жооп бергенге милдеттүү. Мурда 30 күндүн ичинде жооп бериши керек болсо, азыр 15 күндүн ичинде жооп бериши керек. Кимде катты электрондук түрдө жөнөтүүгө шарт жок болсо, почта аркылуу жөнөтсө болот. Президентке кайрылууну маалымат каражаттары аркылуу жөнөтсө болот. Ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу. Алар маселеге көңүл бурбай койсо мыйзам алдында жооп берет. Экотехинспекциясынын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын кайрылуусуна президент ыкчам реакция кылды. Бирок берген маалыматтар тастыкталган маалымат болушу шарт. Анткени жоопкерчилик бар", - деди Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Искендер Матраимов, Зарылбек Рысалиев, журналист Нарын Айып жана Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.