Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары бекитилди

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Токтом “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” жана “Муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн системин өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында кабыл алынды. Эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары эки этап менен ишке киргизилет: 2013-жылдын 1-августунан баштап жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине карата колдонулат. Ал эми 2013-жылдын 1-октябрынан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн колдонулат. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан