Челпек, Үч-Коргон жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

Бүгүн, 4-июлда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Жыйында аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын көпчүлүк добуштарын алышкан Мелисбек Акматов Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы, Жыргалбек Өмүралиев Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы жана Эрлан Жыргалов Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы деп таануу токтому кабыл алынды. Белгилей кетсек, шайлоо 28-июнда болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан