Кыргызстанда медициналык билим берүүчү 6 жогорку окуу жай бар
Учурда Кыргызстанда медициналык жогорку билим
берүүчү 6 жогорку окуу жай (ЖОЖ) бар. 2012-жылы 1179 студент медициналык
багыттагы ЖОЖду бүтсө, алардын ичинен 231и бюджеттик негизде окушкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми
медициналык орто билимдүү адистерди даярдоочу 16 медициналык колледж, 1
институт бар. 2012-жылы бул окуу жайларды 3878 студенттер
бүтүшкөн.