Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин 2012-жылкы кирешеси 116 692 сом болуптур. Дүйшөбаевдин жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында анын 240 чарчы метр жерди ээлеген үйү, 0,12 гектар жер тилкеси жана 2003-жылы чыгарылган бир унаасы бар экени көрсөтүлгөн. Ал эми анын жакындары 168 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, 0,16 гектар жер тилкесине жана 2007-жылы чыгарылган Тойота RAF 4 унаасына ээлик кылышат.