Учурда республика боюнча 3001 фармацевттик мекемелер бар
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына
ылайык, учурда республика боюнча 3001 фармацевттик мекемелер бар. Алар: 957 аптека, 1235 аптекалык пункттар, 270 аптекалык
күркөлөр, 38 оптика дүкөндөрү, 21 медициналык шаймандардын дүкөндөрү, 260 дүңүнөн
сатуучу жайлар жана 116 медициналык
шаймандарды сактоочу жайлар, 40 өндүрүштүк мекемелер.