Казакстандык адис “Жүрөк кан тамыр ооруларын аныктоодо мультиспиралдык компьютердик томографияны колдонуу” темасында мастер-класс өткөрөт

Бүгүн, 5-июлда Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Казакстандын президентинин иш башкармалыгына караштуу шоола менен аныктоо бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Байтурин “Жүрөк кан тамыр ооруларын аныктоодо мультиспиралдык компьютердик  томографияны колдонуу” темасында мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Адистерди окутуу ушул жылдын июль айында Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында компьютердик томография бөлүмүн ачууга байланыштуу болот. Медициналык иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында жаңы бөлүмдүн ачылышы саламаттыкты сактоо жаатындагы кыргыз-индия кызматташтыгынын аркасы менен ишке ашкан. Жакынкы убакытта анын расмий ачылыш аземи болуп өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан