Бишкек шаарында үч эм төрөлгөнүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы 5-июлда билдирди. Маалыматка таянсак, шаардагы №1-төрөт үйүндө бишкектик Назира Камилова аттуу айым үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайлардын үчөө тең кыз. Алардын салмактары дээрлик бирдей, биринчиси - 1,990 килограмм, бою 46 сантиметр, экинчиси - 1,940 килограмм, бою 43 сантиметр, үчүнчүсү - 1,960 килограмм, бою 45 сантиметр.