Ош шаардык ЖЭБи кышкы карата даярдык көрүүнү план боюнча аткарып жатат. Бул тууралуу 5-июлда аталган мекеменин башчысы Анарбек Аттокуров билдирди. Учурда ЖЭБде 11 525 тонна мазут даярдалды. Шаардагы кварталдык жана магистралдык түйүндөрдү оңдоо, тийиштүү жабдууларды жана түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүп жатыптыр. ЖЭБдин кызматкерлери шаардын райондорундагы 12 көмөк чордонду алмаштырышты. Ал эми ЖЭБдин башчысынын орун басары Данияр Сыдыковдун айтымында, 2013-жылдын башталышы менен шаардыктар электр энергияны өткөн жылга караганда 2 миллион 40 кВтка аз пайдаланышты.