“Бизди актоо тууралуу чечим чыгарган соттор Зулушев менен Сатиевге куугунтук башталды. Алардын үйүнө чейин барып коркутушуп, бул эки сотко өз каалоосу менен арыз жазып, жумуштан кетүүсүн талап кылып жатышат”,- деди бүгүн, 5-июлда маалымат жыйын өткөргөн депутат Талант Мамытов. Айтымында, мындай талап Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева тарабынан коюлууда. “Ар бир сот мыйзамга таянып гана чечим чыгарат, анын мыйзамсыз экенин далилдебей туруп кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышканы - мыйзам бузуучулук. Мындан соң кантип биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз деп айта алабыз” дейт Мымытов.