Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунда оңдолуп бүткөн Жууку-Дархан суу каналы ишке берилди

Жети-Өгүз районундагы Жууку-Дархан магистралдык каналын оңдоп-түзөөгө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 2013-жылга 1 миллион 200 миң сом бөлгөн. Оңдоо иштери жүргүзүлүп, учурда канал ишке берилди. Кошумчалай кетсек, аталган канал 1989-жылы курулуп, секундуна 4,5-5 метр куб өлчөмүндө суу өткөрүүгө ылайыкталган. Канал буга чейин Дархан жана Жеңиш айылдарына тиешелүү 900 гектар айдоо жерин суу менен камсыз кылып келген. Бетондон курулган каналдын айрым жерлерин 2011-жылы суу алып кетип, жараксыз абалга келген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан