Талант Мамытов: "Депутаттарга башкы прокурор гана кылмыш ишин козгой алат"

Депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев боюнча ишти тергөө учурунда мыйзам бузуу фактылары көп болгонун бүгүн, 5-июлда маалымат жыйынында депутат Талант Мамытов билдирди. Айтымында, кылмыш иши аны козгоого укугу жок адам тарабынан козголду. “Депутаттарга Башкы прокурор гана иш козгой алат. Бизге кылмыш ишин башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев козгогон. 295-берене боюнча Кыргызстандын тарыхында бир дагы адам кылмыш жазасына тартылган эмес. Бул берене боюнча кылмыш иши бийликтеги эмес, бийликти көксөгөн адамдарга жана куралчан адамдарга козголушу керек”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан