Депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов боюнча Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмү менен макул болбой, Башкы прокуратуранын Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылышы мыйзамсыз. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди. Айтымында, 17-июнда депутаттарга шаардык соттун өкүмү чыгып, 27-июнда Башкы прокуратура көзөмөл иретинде сунуш келтирип Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. Бул сунуштаманы депутаттардын жактоочулары 1-июлда алышкан. “Сунуштама берген соң 10 күндүн ичинде каршы пикирибизди билдиребиз дедик. Биздин каршы пикирдин убактысы бүткөн соң гана кылмыш ишин сотко жөнөтүшү керек болчу. Ал эми Жогорку Сот каршы пикирибизди укпастан, соттук отурумду 16-июлга белгилеп коюптур. Каршы пикирди жаза электе кантип сот болду десем, буйрук ушундай болду дешти”,- деди жактоочу.