Жалал-Абад. Белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды
Бүгүн, 5-июлда Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад облустук драма театрында белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. С.Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов: "Эки жыл мурун С.Чокморов атындагы фонд ачылган. Анын эмгегин жаштарга жарыялап, кийинки муундун жашоочулары ушундай улуу инсан жашап өткөнүн билип жүрүүсү үчүн бүгүнкүдөй иш-чаралар өтүүдө. Чокморовдун эстелигин тургузуу үчүн жер-жерлерде марафондор өтүп жатат",- деп билдирди. Ал эми шаар мэри Мухтар Арапбаев: "Кыргыз киносунун жүзү болгон Сүймөнкул Чокморовго арналган марафон ушул жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарында болот. Жакында Таш-Көмүр шаарында өткөрүлүп, кийинки эстафетаны бизге тапшырышкан",- деп билдирди.