БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков: "Өлкөдөгү саясий партиялардын көпчүлүгү программаларын жакшы жазышпайт"

"Өлкөдөгү саясий партиялардын көпчүлүгү программаларын жакшы жазышпайт",- деди БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков бүгүн, 5-июлда өтүп жаткан шайлоо системин өркүндөтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйынында. Айтымында, шайлоолор боюнча мыйзамды өркүндөтүү демилгесин бир нече партиялар колдоп жатышат. Эске салсак, ушул жылдын 22-майында өлкөдөгү шайлоо системин өркүндөтүү боюнча президент жарлык чыгарган. Ага ылайык, жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко 2015-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүүнүн ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ири саясий бирикмелердин калыптанышына дем берген ченемдерди иштеп чыгуу, саясий партиялар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү, шайлоочуларды каттоо системин түзүү, добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессин оптималдаштыруу максатында шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди киргизүү тапшырмасы берилген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан