"Парламент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүгө даяр" деди Асылбек Жээнбеков
"Парламент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүгө даяр". Бул сөздү 5-июлда Жогорку Кеңештин бир жылдык ишмердүүлүгү тууралуу журналисттерге маалымат берүү учурунда төрага Асылбек Жээнбеков айтты. Ал жеке өзү Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Беларусь парламентинин төрагасына кайрылуу жибергенин кошумчалады. "Күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги мындай талап менен бир нече жолу кайрылды. Расмий Минск Бакиевдердин Беларусь жараны экендигин айтып, буга макул болгон жок. Бирок бул аргумент эмес. Бакиев Кыргызстандын жараны болуп турган учурда кылмыш кылган. Ал биздин мыйзамдын алдында жооп бериши керек",- деди Жээнбеков.