Надира Нарматова, депутат: "Параменттик шайлоого 70 пайыздан кем эмес эркек киши катышсын деген" талапты колдобойм"

Парламенттик шайлоодо тизмеге кирбеген партия мүчөлөрүн шайлоочулар бюллетенге кошумча жазып добуш берүүсү абдан туура болот. Элдин колдоосуна ээ болгон адам депутат болуп келиши керек. Мындай пикирин бүгүн, 5-июлда өткөн шайлоо системин өркүндөтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйынында ЖКнын депутаты Надира Нарматова билдирди. Айтымында, БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков сунуштаган долбоордо айтылгандай, "парламенттик шайлоого 70 пайыздан кем эмес эркек киши катышсын" деген шарт коюу - аялдардын укугун тебелегендик. "Анда эркектерге өзүнчө талап коюш керек",- деп кошумчалады депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан